Site icon Reporter.kg

Айпери Медет кызы Хорватиядагы рейтингдик мелдешке катышпайт

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешине катышпайт. Муну Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтынан көрүүгө болот.

Буга чейин аталган уюмдун сайтында Айпери Медет кызы Хорватиядагы мелдеште 76 кг салмакта күрөшө турган балбан кыздардын катарында болгон. Кийин Медет кызынын рейтингдик мелдешке катышарын Кыргызстандын Күрөш федерациясы ырастаган. Ал эми азыр Айпери Медет кызы катышуучулардын катарында жок.

Белгилей кетсек, рейтингдик мелдеш 5-февралда башталган, 9-февралда жыйынтыкталат. Медет кызы 8-февралда килемге чыкмак.

Кыргызстандын Күрөш федерациясы жергиликтүү басылмалардын бирине билдиргендей, Айпери Медет кызы ден соолугуна байланыштуу мелдешке бара албай калды.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 25-февралда Алматыда өтө турган Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешине катышат.

Айпери Медет кызы PWL-8 мелдешине катышат. Атаандашы ким?

Exit mobile version