Site icon Reporter.kg

Айрым аймактарда жаан жаайт! Жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайынын божомолу тууралуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-20-апрелдерде жана 21-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 21-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында 17-апрелде тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-19-апрель күндөрү жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 20-апрелде күндүз жана 21-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

17-апрелде Чүй, Талас облустарынын аймагындагы тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-20-апрелдерде жана 21-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 21-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунун аймагында 17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде күндүз, 19-20-21-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

17-апрелде Нарын облусунун кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт. 18-19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкек шаарында 17-21-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Exit mobile version