Site icon Reporter.kg

Айрым азык-түлүктүн баалары кымбаттап жатат

продукты, масло

Акыркы бир жумада Кыргызстанда кумшекер, жумуртка жана жогорку сорттогу ундан башка азык-түлүктөр кымбаттады. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Баанын эң чоң өсүшү күн карама майында байкалууда. 25-мартка карата бул продукциянын 1 килограммы республика боюнча орто эсеп менен 193,62 сомду түздү, бир жума мурдагыдан 3,4 сомго кымбат. Өсүмдүк майы эң кымбат Баткен менен Ошто сатылууда, 209 жана 206 сомдон. Эң арзан өсүмдүк майын 183 сомдон Токмоктон алса болот.

Бир жумада күрүч 3,32 сомго кымбаттап, 115,43 сомду түздү. Эң кымбат күрүч Таласта 150 сомдон, эң арзаны Балыкчыда 95,53 сомдон сатылууда.

Андан сырткары чайдын баасы да кымбаттап жатат. Бир жумада кара чай 1,03 сомго, көк чай 2,21 сомго кымбаттады. Эң кымбат чай Ноокатта – 100 граммы 105,37 сомдон, эң арзаны Исфана шаарында сатылууда. Ал жерде кара чайдын 100 граммы 57,45 сомдон сатылууда.

Exit mobile version