Site icon Reporter.kg

Айрым категориядагы жарандарга ай сайын компенсация төлөө боюнча жарлык чыкты. Кимге канча төлөнөт?

Садыр Жапаров “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга, аскердик кызмат учурунда каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жана башка категориядагы жарандарга жеңилдиктердин ордуна төмөнкүдөй ай сайын акчалай компенсациялар төлөнөт:

  1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары — 10 миң сом;
  2. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары — 10 миң сом;
  3. Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары — 10 миң сом;
  4. “За оборону Ленинграда” медалы жана/же “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар — 10 миң сом;
  5. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары — 10 миң сом;
  6. СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары — 10 миң сом;
  7. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары — 8 миң сом;
  8. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар — 10 миң сом;
  9. 1986–1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар — 3 миң 500 сом;
  10. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар — 2 миң сом;
  11. Саясий жана/же диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен реабилитацияланган жарандар — 1500 сом;
  12. 1988–1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар — 2 миң сом;
  13. Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү — 1500 сом;
  14. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын балдары (18 жашка чейинки) — 1500 сом;
  15. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган майыптуулук тобу жок адамдар — 1000 сом;
  16. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү — 1500 сом;
  17. Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү — 1500 сом;
  18. Кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү — 1000 сом;
  19. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) — 1500 сом;
  20. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) — 1500 сом;
  21. “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдар — 1000 сом;
  22. Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар — 1000 сом;
  23. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргызстандын аскер кызматчылары — 1000 сом.
Exit mobile version