Айсулуу Мамашева: Сот аткаруучуларга өгөй баладай мамиле жасалууда

Айсулуу Мамашева: Сот аткаруучуларга өгөй баладай мамиле жасалууда

Сот аткаруучуларга өгөй баладай мамиле жасалып келет. Мындай пикирди парламент Айсулуу Мамашева мындай пикирин 20-декабрда «Ата Мекен»  фракциясында  каралган Соттук чечимдерди жана башка аткаруу өндүрүшүндөгү иштерди аткаруунун көйгөйлөрүн талкуулоо учурунда билдирген.

Эл өкүлүнүн айтымында, республика боюнча 57 сот аткаруу кызматында 203 сот аткаруучу бар. Алар 52 мамлекеттик органдагы иштер боюнча соттук чечимдердин аткарылышын камсыз кылат. Мындан сырткары, 41000ден ашуун алимент төлөбөй жүргөн аталар менен иш алпарат. Буга кошумча иретинде «Коопсуз» шаар долбоорунун алкагында жол эрежелерин сактабаган 40000ден ашуун айдоочуга коюлган айыппулдарды өндүрүү иш-милдеттери турат.

203 сот аткаруучу кызматкерге жүктөлгөн иштин көлөмүн тизмектеген депутат А.Мамашева алардын отурган жерин, иштеген шартын, алган айлыгын көрүп, адамдын зээни кейий тургандыгын билдирди.

«Ошентип, мамлекет сот аткаруучуларга өгөй баладай эле мамиле кылып жатабыз. Анан алардан соттук чечимдердин өз маалында, так аткарылышын кантип талап кылабыз?», — деп, маселени кабыргасынан койгон.

Ошондой эле депутат сот аткаруучулардын иштөө шарттарын түзүү менен катар алардын макамын дагы көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул багытта эл өкүлү тиешелүү мамлекеттик органдардын сунуштарын берүүнү өтүндү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>