Site icon Reporter.kg

Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин депутаты болду

Борбордук шайлооо комиссиясы «Альянс» cаясий партиясынын атынан Айсулуу Мамашованы депутат катары каттады.

Бул чечимди комиссиянын 11 мүчөсү колдоду. Айсулуу Мамашовага күбөлүк менен төш белги тапшырылды. Ал соттун чечими менен мандаттан ажыратылган депутат Фарходбек Алимжановдун ордуна келди.

Эскерте кетсек, буга чейин Айсулуу Мамашова («Ата-Мекен» фракциясы) Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.

Exit mobile version