Site icon Reporter.kg

Тыныбекова Азия чемпионатында 13 секундда жеңишке жетти (видео)

Айсулуу

Бүгүн, 12-апрелде Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.

Ал биринчи беттешинде өзбекстандык Дилфуза Айымбетова менен күрөштү. Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө 13 секунд ичинде атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишке жетти.

Жарым финалда Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен күрөшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version