Site icon Reporter.kg

Айсулуу Тыныбекова Америкада чеберчилик сабак өткөрдү (ВИДЕО)

Айсулуу Тыныбекова АКШда күрөш боюнча чеберчилик сабак өткөрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кечээ АКШда Wrestle like a girl уюму менен бирге жаш спортчуларга алгачкы мастер-класс өткөрдүм. Ачыгын айтканда, аябай толкундандым, бирок бул жактагы кыздар мени жылуу кабыл алды.  Өз потенциалдарын көрсөтүп, жогорку жетишкендиктерге жетүүсүн каалайм» — деп жазды.

Айсулуу Тыныбекова Токио олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси. Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону.  Ушул тапта  АКШда машыгып жүрөт.

 

Exit mobile version