Site icon Reporter.kg

Айсулуу Тыныбекова Америкадан шайлоого катышты (ФОТО)

Токио Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова шайлоого катышты. Ал бул боюнча социалдык баракчасына маалымдады.

Ал, “мекенимден бир канча чакырым алыстыкта жүрсөм да, өзүмдүн жарандык милдетимди унутта калтырган жокмун. Кыргызстандын жоопкерчиликтүү жарандарынын бири катары тандоомду жасап, жаркын келечек үчүн добушумду бердим! Ар бирибиз өзүбүз үчүн, башкалар үчүн жана өлкө үчүн жооптуубуз!” – деп жазган.

Бүгүн 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. АКШда убакыттан айырмачылык болгондуктан ушул тапта шайлоо өтүп жатат.

Exit mobile version