Айсулуу Тыныбекова баштаган күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокко катыша тургандардын тизмеси

Айсулуу Тыныбекова баштаган күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокко катыша тургандардын тизмеси

Сербиянын Белград шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокко Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасы да катышат.

Мелдеш 12-декабрдан 19-декабрга чейин өтөт.

Команданын курамы:

  1. Айсулуу Тыныбекова, 62 кг салмак категориясы;
  2. Айпери Медет кызы — 76 кг;
  3. Мээрим Жуманазарова — 68 кг;
  4. Нураида Анаркулова — 57 кг;
  5. Назира Марсбек кызы — 59 кг.

Спортчуларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп алып барат.

Алар спорттун олимпиадалык дирекциясынын эсебинен каржыланат.

Ага чейин спортчулар кечээ, 26-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында башталган машыгуу лагеринде болушат.  Беш спортчу кыз Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында машыгат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>