Site icon Reporter.kg

Айсулуу Тыныбекова Баткенде

Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна келди. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматтарга караганда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгач, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен бүгүн, 11-декабрда жолугушту.

Жолугушууда облус башчысы, Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Ыйгарым укуктуу өкүл Айсулуу Тыныбекова даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

 

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына, жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо тилектери үчүн рахматын айтып, анын ар бир жеңиши өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арналаарын айтты.

Exit mobile version