Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогун жеңип алды — видео

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогун жеңип алды — видео

Күрөш боюнча 62 кг чейинки салмак категориясында Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетип, алтын медалдын жана Дүйнө кубогунун ээси болду.

Финалда Тыныбекованын атаандашы латвиялык Анастасия Григорьеваны биринчи мезгилде 14: 0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утту.

1/8 финалда кыргызстандык Румыниянын спортчусун 10: 0 эсеби менен эрте жеңип, чейрек финалда түркиялык Жансу Аксойду ушул эле эсеп менен утуп алган.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Тыныбекова 2019-жылдын вице-дүйнө чемпиону, орусиялык Любовь Овчаровага каршы күрөштү. Тыныбекова эч кандай кыйынчылыктарга туш болгон жок жана 13: 2 эсеби менен эрте жеңип, финалга чыккан.

Эске сала кетсек, 14-декабрда Жоламан Шаршенбеков да грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта алтын медалды жеңип алган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>