Site icon Reporter.kg

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

62kg WW - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун 62 кг салмактагы балбандар арасындагы рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг Будапештте (Венгрия) өткөн Polyak Imre&Varga Janos Memorial эл аралык рейтингдик мелдешинин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Тыныбекова аталган мелдеште алтын утуп, жеңиш үчүн ага 8000 упай берилген. Азыр Тыныбекованын эсебинде 66075 упай болуп, ал дүйнөлүк рейтингде 3-орундан 2-орунга көтөрүлгөн.

Рейтингдик мелдеш. Тыныбекова жеңиши үчүн канча акчалай сыйлык алды?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version