Токио олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова Кыргызстан жаштар Конгрессине катышканын фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Ал “учурда бардык өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик жаштар саясаты приоритеттүү багыттардын бирине айланууда. Ошондуктан жаш муун — өлкөнүн чыныгы байлыгы болуп эсептелет. Мындай алдыга умтулган жаштар менен өлкөдө өнүгүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойм” – деген.
Бирок, ал жыйындагы сөздөрү менен бөлүшкөн жок.