Айсулуу Тыныбекова Poland Open аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду

Айсулуу Тыныбекова Poland Open аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык аялдар күрөшү боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Poland Open аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Мелдеш ушул жылдын 2-4-август  күндөрү  Варшавада  өттү. Ага  62 килограмм салмак ченинде 20 спортчу ат салышкан. Айсулуу Тыныбекова Швеция, Украина, Россиядан келген балбан айымдар менен беттешип финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште Тунистен келген спортчу менен ат салышмак, бирок беттешке чыгуудан баш тартты. 

Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев  билдиргендей,  Айсулуу бутунун булчуңун кичине чойдуруп алгандыктан,  алган жаракатын дагы ырбатып жибербесин деп башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков аны финалга чыгарган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>