Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн мелдеште жеңишке жетти

Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн мелдеште жеңишке жетти

Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн «Poland Open» аттуу эл аралык турнирине 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту.

Тыныбекова биринчи баскычта орусиялык Ульяна 12:3 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта тунистик Марва Амри менен кез келип, Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып, беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашын далысынан басып таза жеңишке жетти.

Финалда Тыныбекова орусиялык Анжела Фоменканы 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, мелдеш 6-7-ноябрь күндөрү өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>