Айсулуу Тыныбекова убактылуу соцтармактарын иштетүүнү токтотот

 Айсулуу Тыныбекова убактылуу соцтармактарын иштетүүнү токтотот

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова убактылуу соцтармактарын иштетүүнү токтотту. Бул тууралуу ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

«Урматтуу достор! Амансыздарбы? Менде болсо баары жакшы!

Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби алдыда Токиодо өтө турчу Олимп оюндары улам барган сайын жакындап келе жатат. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда.

Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм.

Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Убактылуу аккаунттарымды токтото турам.

Элибизде тынчтык болсун! Рахмат!», — деп жазган балбан кыз.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 23-июлунда Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылат. Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова сыяктуу бир катар кыргызстандык спортчулар да бул оюнга катышуу үчүн жолдомо алышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>