Айсулуу Тыныбекова: Убактым машыгууга араң жетүүдө, саясатка барбайм

Айсулуу Тыныбекова: Убактым машыгууга араң жетүүдө, саясатка барбайм

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын жыйынтыктаганга чейин саясатка аттанбай турганын жарыялады.

Ал саясат анын спорттогу максаттарына тоскоол болорун айтып, Парламенттик шайлоого катышпастыгын билдирген. 

“Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу төмөндөгү өз ниетимди билдирип койгум келди.
Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Бул Олимпиадада чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү”, — деп айтылат балбандын билдирүүсүндө.

https://www.instagram.com/p/CDv6B7wJhQ7/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>