Айсулуу Тыныбекова Жапониялык атаандашына жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова Жапониялык атаандашына жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттеште Жапониялык атаандашына жеңилип калды.

Беттештин соңку учурларына чейин Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи бирден упайга ээ болушкан. Бирок беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда Каваи Тыныбекованы жерге жыгып, 5 упайга ээ болду.

Жыйынтыгында беттеш 6:1 эсеби менен япониялы балбадын пайдасына жыйынтыкталды.

Эми Юкако Каваи финалга чыкса, Тыныбекова коло медаль үчүн беттешүүгө укук алат.

18-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>