Site icon Reporter.kg

Айсулуу Тыныбекованын атын сатып акча тапкандар пайда болду

Социалдык тармактарда Айсулуу Тыныбекованын сүрөтүн коюп атайын акча көбөйтүп берем деген акция пайда болду. Анда акчаңарды көбөйтүп беребиз, атайын аманатка акча саласың андан соң, 48 миң сомго чейин пайда табасың деген жазууларды жазышкан.

Reporter.kg Америкада жүргөн Айсулуу Тыныбекова менен байланышканында, Тыныбекова “элдер сага акча салдык эле, кана көбөйгөнү”- деп сурап жатышат. Мен учурда АКШда жүргөндүктөн укук коргоо органдарына кайрыла албай жатам. Менин атымды сатып акча табам дегендер сөзсүз табылышы керек. Мен эч кандай акцияларга катышкан эмесмин, жалпы элден суранып кетет элем, мындай шылуундардан сак болгула!” – деди.

Exit mobile version