Айсулууга добуш бер! Дүйнөлүк күрөш уюму эң мыкты балбанды аныктоодо

Айсулууга добуш бер! Дүйнөлүк күрөш уюму эң мыкты балбанды аныктоодо

Бириккен күрөш дүйнөсү уюму кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбанды аныктоо үчүн онлайн сурамжылоо өткөрүүдө.

Уюмдун “Инстаграмдагы” баракчасы аркылуу өтүп жаткан сурамжылоого дүйнөдөгү мыкты балбан айымдар киригизилген.

Алардын арасында кыргызстандык балбан кыз Айслууу Тыныбекова дагы бар.

Добуш берүүнүн биринчи баскычында Тыныбекова жапандык балбан кыз Рисако Кавайдан көп добуш алып экинчи баскычка өткөн. Экинчи баскычта  орусиялык балбан Наталья Воробьева экөөнүн ортосунда “онлайн кармаш” жүрүүдө. Азыркы тапта Айсулуу Тыныбекова алдыда бара жатат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кыргызстандыктарды Айсулуу Тыныбекованы колдоого чакырат.

Өлкөбүздүн сыймыгы Айсулуу Тыныбековага добуш берүү үчүн бул шилтемени бассаңыз, Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун (United World Wrestling) “Инстаграмдагы” баракчасынын сторис бөлүмүнө алып барат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>