Айтмамат Назаров: Быйылкы жылы электр энергиясы өчүрүлбөйт

Айтмамат Назаров: Быйылкы жылы электр энергиясы өчүрүлбөйт

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин кезектеги отуруму болду. Анда тармактык комитетте электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүүнүн абалы каралды.

Бул маселе боюнча биринчи-вице-премьер  министр Кубатбек Боронов баяндама жасады. Берилген маалыматта акылдуу эсептегичтерди жайгаштыруу боюнча иштер аткарылып жатканы айтылып, учурда тендер жарыяланганы белгиленди. Ошону менен катар эле комитет мүчөлөрү тарабынан кышкы мезгилдеги электр энергиясынын абалына байланыштуу суроолор болду.

Энергохолдингтин төрагасы Айтмамат Назаровдун билдиришинче, быйылкы жылы электр энергиясын өчүрүү болбойт. Ошондой эле электр энергиясын импорт катары Кыргызстан башка өлкөдөн албай турганы белгилүү болду. Ал эми электр энергиясына болгон тарифтер быйылкы жылы өзгөрбөй турганы да маалымдалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>