Site icon Reporter.kg

Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жаштыр сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия ушул жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл.

Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген.

Сыйлыктын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.

Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.

Exit mobile version