Site icon Reporter.kg

Айтматов көчөсүндө кыйылган дарактар муктаждарга таратылат

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы кыйылган теректер муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат. Мындай тапшырманы мэр Айбек Жунушалиев бергенин мэрия маалымдады.

Маалыматка караганда, каалоочулар кышка отун алуу үчүн 25-декабрга чейин райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.

Өз кезегинде «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасы муктаж болгон жарандарга отун менен жардам берет.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 163 аз камсыз болгон үй-бүлө кышка карата отун алышкан.

Буга чейин мэрия Айтматов көчөсүндө баш-аягы 1400 терек кыйыларын билдирген.

Бишкек: Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы 1400 терек кыйылат (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version