Site icon Reporter.kg

Айтматов проспектисин кеңейтүү уланууда. Дагы 30 үйдө демонтаждоо иштери орун алды

Айтматов проспектисинде жолду кеңейтүү иштеринин алкагында кызыл сызыктан чыгып кеткен 30 үйдун тосмолору бузулууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, алар кызыл чийинден чыгып кеткен.

Мэрия тосмолор жолду кеңейтүү үчүн алынарын түшүндүргөн. Ал эми тургундар  буга каршы болууда.

Алар муниципалитет алар менен макулдашып, компенсация маселесин да түшүндүрүшү керек болчу. 

Жерине барган вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жашоочуларга чийинден чыккандар «снос» болору тууралуу алдын ала маалымат берилгенин эскертти.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Exit mobile version