Site icon Reporter.kg

Айтматов районунда 140 орундуу бала бакча курулууда

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш иштерин 2024-жылдын биринчи жарымында бүтүрүү пландалууда.

Бакчанын жалпы аянты 1480,9 чарчы метрди түзөт.

Бакчада иш-чаралар, оюндар жана эс алуу үчүн жайлар, ашкана, кампалар, музыка класстары жана медициналык бөлмө болот.

Exit mobile version