Site icon Reporter.kg

Айтургандын өлүмү: Күйөөсү 2 айга камакка алынды

Айтурган Маматкулованын өлүмүнө шектелип кармалган күйөөсү 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Жанат Гүлжигит билдирди.

Жактоочунун айтымында, 26 жаштагы Т.Н.нын бөгөт чарасы Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып, ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган.

Эскерте кетсек, 25 жаштагы Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Маркум келиндин ата-энеси аны күйөөсү сабап өлтүргөнүн айтып чыккан. Кыздын туугандарынын айтымында, 1 жыл мурда турмуш курган Маматкулованы буга чейин күйөөсү уруп-сабап жүргөн.

Күйөөсүнүн айтымында, жубайы дары ичип өз жанын кыйган.

Буга чейин милиция Маматкулованын денесинде күч колдонуунун тактары болбогонун, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган. Бирок Айтурган Маматкулованын ата-энеси кызынын өз жанын кыйганына ишенбей турганын, кызынын денесинде көгала тактар бар экенин айтышкан.

17-июлда Маматкулованын күйөөсүнө «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 31-августта ал милиция тарабынан кармалганы кабарланды.

Exit mobile version