Айыл чарба министри: 3 миң гектарга жакын жер тамчылатып сугаруу системасы менен иштетилип жатат

Айыл чарба министри: 3 миң гектарга жакын жер тамчылатып сугаруу системасы менен иштетилип жатат

Өлкөдө канча гектар жер тамчылатып сугарылат? Мындай соболду бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеш  жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жаткан учурда депутат Бакирдин Субанбеков берди.

Субанбеков Кыргызстанда канча күнөскана бар экенин дагы сурады.

Эл өкүлүнүн суроосуна айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев  бүгүнкү күндө бардыгы 2 848 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы менен иштетилип жатканын билдирди. Ошондой эле өлкө аймагы боюнча 203 гектар күнөскана бар экенин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>