Site icon Reporter.kg

Айыл чарба министри дыйкандарды сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев күндүн ысыганына байланыштуу сугат иштерин жүргүзүүдө дыйкан-фермерлерди сууну коромжу кылбай, үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Министр аптаптуу ысыкта ар бир дыйкан өз участогунда сууну үнөмдөө ыкмаларын колдонсо, суунун тартыштыгы жаралбай, жалпы эл жеткиликтүү суу менен камсыз болорун билдирген.

«Ал үчүн сугат иштерин күн ысыган учурда эмес, таңкы же кечки салкында жүргүзгөн бир кыйла натыйжалуу экенин белгилеп кетким келет. Сугат учурунда жерди сугарып бүтүп калтырып койбостон, мурабга дароо билдирип, кийинки кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Анткени ар бир өсүмдүккө керек болгон көлөмдө гана ченем менен суу бериңиздер. Артыкча сугаруу өсүмдүккө да, топуракка да зыян алып келиши мүмкүн», -деп билдирген ал.

Министр ошондой эле тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу, сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөрүн айткан.

Exit mobile version