Айыл жериндеги жана аз камсыз болгон 20 миң окуучу кыздын билими жогорулатылат

Айыл жериндеги жана аз камсыз болгон 20 миң окуучу кыздын билими жогорулатылат

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюмунун жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде менен окуучу кыздардын билимин жогорулатууга багытталган STEM программасын талкуулады.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын айыл жерлериндеги жана Бишкек шаарынын четиндеги аз камсыз болгон жана ички мигранттардын 15-18 жаштагы балдары атайын программанын жардамында өзүнүн жөндөмдөрүн жогорулатса болот.  Аларга Кыргызстандагы ишкер аялдардын лидерлери жардам беришет.

Долбоорго тандалган мектептерде кесиптик билим берүүгө багытталган класстарды ачуу, окуу куралдарын жана окуу программасын кайра карап чыгуу пландалган. Мугалимдер гендердик теңдик жана билим берүүгө гендердик-сезимтал мамиле жасоо боюнча онлайн окуу курстарынан өтүшөт.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, азыркы учурда билим берүүгө толук тартылбаган жаштардын арасында гендердик тең укуктуулук сакталбай жатканы байкалат (кыздар — 29% — жана балдар — 12,1%). Мындай маселе жумушсуз жаштардын арасында да бар (кыздар — 20,6% — жана балдар — 12,7%).

STEM  кыздарга билим берүү программасы бизнес-ассоциациялар менен биргеликти ишке ашырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>