Site icon Reporter.kg

Айына 185 миң сом айлык алат. Жогорку соттун төрагасынын төртүнчү орун басары пайда болот

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын төртүнчү орун басары пайда болот. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында каралып, биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баяндама жасады. Анын айтымында, учурда анын үч орун басары бар. Жаңы кызматка келе турган төртүнчү орун басары санариптештирүү тармагына жооп берет. Ал орун басар Жогорку соттогу 31 судьянын ичинен тандап алынат.

Жаңы орун басарлык кызматты түзүү үчүн бюджеттен кошумча 4 млн 653,2 миң сом сом керек болот. Бул акчанын 3 млн 446,8 миң сому жаңы орун басарга кызматтык унаа алууга, 250 миң сому күйүүчү майга, 772,4 миң сом айдоочусу менен катчысынын айлыгына жумшалат. Ошондой эле анын өзүнө айлык төлөөгө жылына кошумча 162 миң сом керек болот: төртүнчү орун басар боло турган Жогорку соттогу судья учурда мамлекеттен айлык алып жаткандыктан, анын маянасына кете турган акча бюджетте каралган. Эми ал орун басар болгондон кийин ал жылына 162 миң сомго көбүрөөк ала баштайт.

Буга чейин Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев аларда иштеген судья жылына 2 млн 59 миң сом (айына 171,5 миң сом – ред.) маяна ала турганын билдирген. Ошондо жаңы орун басардын айлыгы андан 162 миң сомго көп болгондо, ал жылына 2 млн 221 миң сом же айына 185 миң сом айлык алат.

Бул мыйзам долбоору комитеттерден кийин Жогорку Кеңеш тарабынан каралышы керек.

Жогорку соттун судьясы жылына 2 млн сомдой, айына 171,5 миң сом маяна алат

Exit mobile version