Айыптоочу Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Айыптоочу Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча Ленин райондук сотунда отурум өтүүдө.

Мамлекеттик айыптоочу Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды.

Мындан сырт кары Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиевди, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеевди 15 жылга кесүүнү суранды.

Кубанычбек Кулматов Бишкектин «Калыс Ордо» конушундагы мектеп курулушу боюнча коррупцияга айыпталып жатат.

Албек Ибраимов «Дастан» ишканасы, муниципалдык жер тилкелерин жана  Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген деп айып коюлууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>