Site icon Reporter.kg

Айзада Канатбекованын апасы зомбулукка каршы фонд ачат. Кененирээк

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасы зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн фонд ачат. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, фонд зомбулукка кабылган кыздарга жардам берет. Андыктан Айзада Канатбекованын апасы Нургүл кыздын өлүмүнө милициянын шалаакылыгы боюнча тергөө бүтүшүн каалайт.

Жактоочу «Айзада» фондуна тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттер тартыларын баса белгиледи.

Эске сала кетсек, Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, эки күндөн кийин ал жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси табылган.

Exit mobile version