Айзаданы уурдоого шектүү дагы 2 адам кармалды

Айзаданы уурдоого шектүү дагы 2 адам кармалды

Айзада Канатбекованы уурдоого шектелип дагы эки шектүү кармалды. Бул тууралуу криминалдык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын уурдалышына шектелип Бишкекте 26 жаштагы Т.К. жана Жалал-Абад облусунда 30 жаштагы Н.О. кармалды.

Буга чейин кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А. жана 32 жаштагы З.Р. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

  • 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданын машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
  • 7-апрелде Аламүдүн районундагы талаадан койчу эркек кишинин жана аялдын денесин (Айзад) унаанын ичинен табышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>