Site icon Reporter.kg

Айзаданы уурдоого шектүү дагы 2 адам кармалды

Айзада Канатбекованы уурдоого шектелип дагы эки шектүү кармалды. Бул тууралуу криминалдык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын уурдалышына шектелип Бишкекте 26 жаштагы Т.К. жана Жалал-Абад облусунда 30 жаштагы Н.О. кармалды.

Буга чейин кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А. жана 32 жаштагы З.Р. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

 

Exit mobile version