Site icon Reporter.kg

Айзаданын өлүмү. Ош ШИИБдин алдында митинг өттү

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарында зордук-зомбулукка каршы нааразычылык акция өттү.

Маалым болгондой, иш-чарада 30дан ашык коомдук активисттер Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына чогулуп, милиция кылмыштуулуктун алдын алып, коомчулук менен тыгыз байланышта иштеши керек деген талап койгон.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кетип жатышкан тасманы жарыялашкан. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

 

Exit mobile version