Айзаданын өлүмү: Бишкек ШИИББинин 12 кызматкери иштен алынып, 44ү тартип жазага тартылды — тизме

Айзаданын өлүмү: Бишкек ШИИББинин 12 кызматкери иштен алынып, 44ү тартип жазага тартылды — тизме

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштууу ИИМ жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир катар жетекчилер ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин буйругу жарыяланды.

Кызматынан бошотулгандардын тизмеси:

-Бишкек ШИИББинин жетекчиси, милициянын полковниги Б.Матмусаев;

-Бишкек ШИИББинин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Э.Атантаев;

-Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Н.Утемисов;

-Биринчи Май РИИБинин начальниги, милициянын полковниги А.Казакеев;

-Биринчи Май РИИБинин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги И. Базаркулов;

-Биринчи Май РИИБинин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги К. Суранчиев;

-Биринчи Май РИИБинин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги А. Озубеков;

-Биринчи Май РИИБинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын улук лейтенанты Б.Абдиллаев;

-Биринчи Май РИИБинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын майору Ж.Тукешов;

-Биринчи Май РИИБинин нын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У.Арыкбаев;

-Чүй ОИИББнын КККнын Нөөмөт Бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны Ч.Абыкеев;

-Чүй ОИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөтчүсү милициянын подполковниги М.Уметалиев.

“Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” алгандар:

-Бишкек ШИИББинин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги М. Насиров;

-Бишкек ШИИББинин КККнын начальнигинин орун басары, ошол эле ыкчам чара көрүү борборунун начальниги милициянын полковниги М.Буларкиев;

-Бишкек ШИИББинин КМКнын начальнигинин орун басары, ал эле бөлүм начальниги милициянын подполковниги У.Орозалиев;

-ЖКККББнын Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын полкунун командиринин орун басары милициянын капитаны У.Саргашкаев;

-Бишкек ШИИББинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору С.Байгазинов;

-Бишкек ШИИББинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны М.Насирдинов;

-Бишкек ШИИББинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги М.Карабаев;

-Бишкек ШИИББинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору М.Турумтаев;

-Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматынын начальниги милициянын капитаны Н.Тургуналиев;

-Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин КМКнын начальниги милициянын подполковниги Э.Укубаев;

-Биринчи Май РИИБинин КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүгүнүн начальниги милициянын подполковниги Э.Тыналиев;

-Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары милициянын майору Т.Абдукагарова;

-Биринчи Май РИИБинин №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Н.Емилов;

-Биринчи Май РИИБинин КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын майору М.Бейшеналиев;

-Биринчи Май РИИБинин №5 ШМБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Б.Торгоев;

-Биринчи Май РИИБинин КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Т. Саткинбаев;

-Биринчи Май РИИБинин КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Ч.Толомушов;

-Биринчи Май РИИБинин №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Таалайбек уулу Искендер;

-Биринчи Май РИИБинин ТКнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Сагынбек уулу Нурсултан;

-Биринчи Май РИИБинин ТКнын тергөөчүсү милициянын капитаны А.Каримовго,

-Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын начальниги милициянын майору З.Эргешов;

-Биринчи Май РИИБинин ЖЖБнүн начальниги милициянын капитаны Эдилбек уулу Бактияр;

-Биринчи Май РИИБинин ЖӨИнын начальниги милициянын капитаны М.Адилов;

-Биринчи Май РИИБинин №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын майору М. Тороев;

-Чүй ОИИББинин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальниктин орун басары милициянын полковниги А. Савыралиев;

-Чүй ОИИББинин КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүмдүн начальниги милициянын полковниги Т.Анарбаев;

-Чүй ОИИББинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын майору М. Султаналиев.

«Катуу сөгүш» жарыялангандар:

Бишкек ШИИББинин КМКнын начальниги милициянын полковниги У.Айтбаев; Бишкек ШИИББинин СКБнын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги А. Исмаилов, Бишкек ШИИББинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору К.Малабаев; Биринчи Май РИИБинин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги А.Тентиев; Чүй ОИИББинин начальнигинин орун басары, ошол эле КККнын начальниги милициянын полковниги А.Ажыбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>