Айзаданын өлүмү боюнча Башкы прокуратурадан эч ким жаза алган жок

Айзаданын өлүмү боюнча Башкы прокуратурадан эч ким жаза алган жок

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту угулуп жатат. Анда вице-спикер Аида Касымалиева уурдалып барып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча Башкы прокуратуранын кайсы кызматкери жазага тартылганын сурады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Айзаданын өлүмү боюнча эч ким жаза алган жок деп айтты.

«Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ыкчам аракеттерди жүргүзбөгөнү үчүн жазасын алышты. Прокуратура өзүнүн укугуна жараша кылмыш ишин козгоду. Шалаакылык кетирген кызматкерлер жооп бериши керек», — деди ал.

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштууу ИИМ жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен Бишкек ШИИББинин 12 кызматкери иштен алынып, 44ү тартип жазага тартылды.

Айзаданын өлүмү: Бишкек ШИИББинин 12 кызматкери иштен алынып, 44ү тартип жазага тартылды — тизме

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>