Айзаданын өлүмү. ИИМдин алдында митинг өтүүдө

Айзаданын өлүмү. ИИМдин алдында митинг өтүүдө

Ички иштер министрлигинин алдында Айзада Канатбекованын мыкачылык менен өлтүрүлгөнүнө байланыштуу митинг өтүүдө.

Буга башкы себеп катары 5-мартта Бишкек шаарындагы Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Айзада Канатбекова уурдалып, андан соң мыкачылык менен өлтүрүлгөнү айтылууда.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кетип жаткан тасма тараган. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган.

Тэги: ИИМ митинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>