Айзаданын өлүмү: Кызды уурдаганга шектүүлөр 2 айга камакка алынды

Айзаданын өлүмү: Кызды уурдаганга шектүүлөр 2 айга камакка алынды

Маркум Айзада Канатбекованы уурдаганга шектелгендер СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде Свердлов райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1ге 7-июнга чейин камакка алган.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кеткен тасма жарыяланган. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

Бул окуяга байланыштуу «милиция жоопкерчиликсиз мамиле кылган» деген топ адамдар ички иштер министри иштен кетүүсүн талап кылып митингге чыгышкан.

Ал эми президент бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>