Айзаданын өлүмү. Митингчилерди сүрүп чыккан жарандык кийимчендер милиция кызматкерлери болуп чыкты — видео

Айзаданын өлүмү. Митингчилерди сүрүп чыккан жарандык кийимчендер милиция кызматкерлери болуп чыкты — видео

Уурдалып барып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча 15-апрелде Бишкекте ички иштер министри Уланбек Ниязбековдун отставкасын талап кылган митинг өткөн. Анда министрдин отставкасын талап кылган митингди башка бир топ келип үзгүлтүккө учуратып, алар ЛГБТ жана бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрүнө каршы экендерин айтышып, ИИМдин алдынан сүрүп чыгарышкан.

Бул топтун артында кимдер турганын журналист Болот Темиров «Temirov Live KG» ютуб каналына жарыялаган материалында айтып берди.

Министрдин отставкасын талап кылган митингди үзгүлтүккө учураткан жарандык кийим кийген милиция кызматкерлери экени маалым болду. Бул кызматкерлер жогору жактын тапшырмасы менен өздөрүнүн жанына ар бири бештен киши алып келүүсү милдеттендирилген.

Митингчилерди сүрүп чыгаруунун башында тургандар:

Чыңгыз Иманалиев — ал тергөө комитетинин ыкчам кызматкери,

Нурдин Чолпонкулов — Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы,

Эрмек Тешебаев — Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын подполковниги,

Самат Алсеитов — Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгында иштейт,

Азиз Бекназаров — Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары.

  • 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданы машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
  • 7-апрелде Аламүдүн районундагы талаадан койчу эркек кишинин жана аялдын жансыз денесин (Айзад) унаанын ичинен тапкан.
  • Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштууу ИИМ жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен Бишкек ШИИББинин 12 кызматкери иштен алынып, 44ү тартип жазага тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>