Айзаданын курбусу: Зөөкүр анын жигити эмес болчу

Айзаданын курбусу: Зөөкүр анын жигити эмес болчу

Ала качуунун курмандыгы болгон 26 жаштагы Айзада Канатбекова үй-бүлөдө жалгыз кыз, атасыз өскөн. Анын туулуп өскөн жери Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары.

Reporter.kg маркум кыздын курбусу Аяна Байтемирова менен байланышып, Айзаданын алдыдагы пландары жана ала качкан жигит менен кандайча тааныш экендиги тууралуу маалымат алды.

«Айзаданы өлтүргөн бала анын жигити экенин жазышууда, бирок андай эмес. Ал бала Айзаданын артынан бир топтон бери аңдып жүргөн. Андан качып, 6 ай контракт менен Түркияга иштегени кетмек. 6 айга иштеп келгени документтеринин баарын тапшырып койгон. Виза 15-апрелден кийин чыкмак. Айзада ал балага турмушка чыгууга ниети жок болчу. Курбум апасын аяп, эч нерсе айткан эмес экен», — дейт Айзаданын курбусу.

Курбусу маркум кыздын алдыдагы пландары тууралуу буларга токтолду: «Негизги максаты эчтекеден кем кылбай баккан апасына жакшы жашоо түзүп берүүгө, үй сатып алып апасын көчүрүп баруу болчу. Билимге умтулган, корей тилин билчү. Бишкектеги Кыргыз Түрк «Манас» университетин бүткөн. Апасы Назгүл эже экөө Бишкекте турчу. Волейболду мыкты ойноп, Кыргызстандын атынан Азербайджанга чейин барды. Мындан тышкары дагы чет өлкөлөргө чыгып жүрчү», — деди маркумдун курбусу.

Аяна Байтемирова учурда Айзаданы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Балыкчы шаарына кетип бара жатканын кошумчалады.

  • 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданы машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
  • 7-апрелде койчу Аламүдүн районунун талаасында унаанын ичинен эркек кишинин жана аялдын (Айзаданын) жансыз денесин тапкан.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>