Site icon Reporter.kg

Айзаданын өлүмү: Эмне өзгөрдү, ким жазаланды?

Адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакунов милиция кызматкерлери ишти сотко өткөрүп берише электигин билдирди.

Анын айтымында, иш тергелбей токтоп турат. Укук коргоо органдары кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.

Милиция кызматкерлери өздөрүнө тийиштүү иштерди дагы жасашкан жок. Буга оор кылмыш катары мамиле кылуу керек эле. Алар Айзаданы күч колдонуу менен унаага отургузуп жаткан видеожазууну көрүп деле тыянак чыгарып, жалпы курам менен аракет кылганы жетиштүү болчу. Эгер алар дароо жеке курам менен аракеттенип баштаганда Айзада тирүү калмак. Бул ишти алар учурда токтотуп коюуудан дагы коркуп жатышат, анткени бул резонанстуу окуя болуп калды. Учурда алар эч кимге айып тагышкан жок жана ишти сотко өткөрүп берген жок”, — деп билдирди жактоочу Клооп басылмасына берген маегинде.

Ошондой эле, мындай шалаакылыкка жол берген милиция кызматкерленин жазаланышы дагы маанилүү экендигин белгиледи.

Буга чейин ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Айзаданын өлүмү боюнча жоопко тартылган милиционерлер кайра жумушка алынганын билдирген.

Ал окуядан кийин ички иштер органдарынын 30дан ашуун кызматкери тартиптик жазага тартылган. Алар ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү менен четтетилген. Мындай чара тартиптик устав боюнча жарым жылдан бир жылга чейин колдонулат. Кайра жумушка келсе мурдагы кызматынан төмөнкү тепкичке дайындалат«, — деген ал.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада, автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, зордуктап, андан кийин өз жанын кыйганы айтылган.

Айзаданы уурдап кеткенден кийин интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма жакын жердеги кафелердин биринде видеокөзөмөлгө жазылып калган.

 

Exit mobile version