Site icon Reporter.kg

Айзаданын өлүмү: Милиционерлерге козголгон иш сотко өтпөй жатат

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетине баа берүү үчүн шалаакылык беренеси боюнча козголгон иш сотко өтпөй жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, убагында прокуратура ишти сотко өткөрбөй койгон.

«Шалаакылык боюнча иштин козголгонуна 1,5 жылдан ашык убакыт болуп калды. Иш тергелбей турат. Баары такталган, күнөөкөрлөрдү билишет. Өз убагында сот айыбын угузайын деп жаткан, бирок прокуратура макул болбой, сотко жиберген эмес. Биз ишти кыскарткыла же сотко жибергиле деп айтып жатабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-апрелинде Айзада Канатбекованы топ балдар унаага салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган.

Айзаданы уурдоого катышкан адамдар кармалып, аларга иш козголгон. Сентябрь айында Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан Ажикабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов 6,5 жылга эркинен ажыратылган.

Андан тышкары соттун өкүмүнө ылайык, айыпталып жаткан тарап Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп бермекчи болгон. Соттун кенемте боюнча чыгарган өкүмүнө макул болбогон жактоочу кийинки сот инстанциясына апелляция менен кайрылган.

2022-жылы сентябрь айында иш Жогорку сотто каралып, Биринчи май райондук соттун чечими күчүндө калган.

Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча чара көрбөй, шалаакылык кетирген Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине да иш козголгон. Бирок милиция кызматкерлери тартиптик жаза менен гана чектелип, четинен ишке кайтып келе баштаган.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, милиция кызматкерлерине ачылган иш мурда эле токтотулган. Ошол эле учурда коомчулук жана Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова шалаакылык кетирген милиция кызматкерлерин да кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча президентке кайрылган.

Айзада Канатбекова уурдалганда президент Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын билдирген.

Айзаданын өлүмү: Соттолуучулар 20 миң сомдон кенемте төлөшөт

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version