«Айзадасыз жашай албайм». Кызды ала качып, өлтүргөн Замирбектин акыркы апасына жиберген аудиосу

«Айзадасыз жашай албайм». Кызды ала качып, өлтүргөн Замирбектин акыркы апасына жиберген аудиосу

Айзада Канатбекованы ала качкан жана өлтүргөн Замирбек бир тууганына жиберген акыркы аудио билдирүүсүн «Кактус» жарыялады.

Аудио жазуунун башында ал бир тууганына ал-акыбалын сурап, апасынан кечирим сураган. Ошондой эле Айзаданы катуу сүйүп калганын жана ансыз жашай албастыгын айткан.

«Апа, мени кечирип коюңуз! Мен Айзаданы аябай сүйдүм, ушунча күттүм. Ага мен: «Башынан жашайлы, башынан баштайлы», — дедим, ага болгон жок. Бир айтты «күт» деп. Макул дедим. Эки айтты «күт» деп. Эми үчүнчүсүндө ишене албайм.

Мына жанымда отурат. Мына дагы жалган айтып суранып жатат. Мен азыр айтып коёюн, мени акыркы жолу угуп жатасыздар. Рахмат баарыңыздарга», — деп жазылган анын аудиосунда.

Айзаданын курбусу: Зөөкүр анын жигити эмес болчу

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>