Site icon Reporter.kg

Ак үй өрттөнүп жатат

Бишкек шаарындагы президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары отурган Ак үйдө өрт чыкты.
Учурда аталган имараттын үчүнчү кабатынан кара түтүн чыгып,  эки өрт өчүрүү автоунаа келип, тилсиз жоону өчүрүү аракетин көрүүдө.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алышкан. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан. Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашкан.

Exit mobile version