Учурда Ак үйдүн алдында референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбооруна каршы «Шермендечилик аллеясы» аталышындагы митинг өтүүдө.
Митингдин катышуучулары парламенттин тарап кетишин талап кылып жатышат.
Кечээ, 9-декабрда дагы бул мыйзам долбооруна каршы митинг өткөн.
Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Бүгүн, 10-декабрда экинчи окууда каралат.