Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метр. Ал эми жердин аянты — 0,5714 га.
“Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда котлованды казуу иштери жүрүп жатат. Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «AT Empire» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз