Site icon Reporter.kg

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен өспүрүм 2 күндөн бери изделүүдө

Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен өспүрүм 2 күндөн бери изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кечээ, 15-майда «112» кызматына дарыяга болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери өспүрүм изделип жатат.

Бүгүн, 16-майда баланы издөөгө куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жакын туугандарынан болуп жалпы 254 адам тартылды.

ӨКМ издөө иштерине байланыштуу бүгүн 09:30дан тарта Ак-Буура дарыясына суу берүү Папан суу сактагычы таратыбанан убактылуу токтотуларын билдирди.
Exit mobile version