Site icon Reporter.kg

Экинчи адамдын сөөгү Ак-Буура дарыясынан табылды

Кечээ селде агып кеткен аялдын сөөгү Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Учурда жарандын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел агызып кеткен. Алар: 1980-жылы туулган Д. Н. аттуу аял, анын кыздары — 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М., 2018-жылы туулган  С.

Түнү 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды.

Оштогу сел: Бир кишини унаа тебелеп кетти, төрт адам дайынсыз болууда

 

Exit mobile version